Өзбекстанда Маданият министрлигинин кызматкерлери иш күндөрү такыя кийишет

Мындан ары Өзбекстандын Маданият министрлигинин кызматкерлери иш күндөрү улуттук баш кийим — такыя кийип жүрүшү керек болот. Бул тууралуу өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, министрликтин жетекчилиги бул демилге менен улуттук каада-салтты жайылтууда үлгү болууну көздөөдө.

Назарбековдун видеокайрылуусунда министрликтин тебетей кийген кызматкерлери көрсөтүлгөн.

“Мен бардык тармактын өкүлдөрүн, сүрөтчүлөрдү, патриотторду жана ыктыярчыларды бул демилгени колдоого чакырам”, — деди министр.

Буга чейин Өзбекстандын Маданият минстрлиги 25-декабрда Ташкентте өткөрүү пландалган орусиялык жана украиналык блогерлердин катышуусундагы TikTok Fest аттуу фестивалга тыюу салган. Мекеменин билдирүүсүндө “фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганы”, “жаштардын аң сезимине туура келбеси” жана өзбек элинин “улуттук менталитетине каршы келери” жазылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.