Өзбекстанда доллардын курсу жогорулады

Өзбекстандын бир катар банктарында доллардын наркы жогорулады.

Өзбекстандын коммерциялык банктары 1 долларды 10 710 (84,40 сом) сумга сатып алып, 10 770 (84,87) сумга сатууда. Бул жаңы максималдык чек.

Алмаштыруу курсунун буга чейинки рекорду дээрлик эки ай мурун белгиленген. 16-сентябрда 1 доллар 10 760 сумга чейин көтөрүлгөн.

Февралдан бери Өзбекстандын Борбордук банкы валюта курстарын мурдагыдай жумасына эмес күн сайын жарыялоодо.

Эсеп палатасынын баяндамасына караганда, жаңы жылда Өзбекстанда доллардын наркы 11 300 сумга чейин жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.