Өзбекстанда COVID-19 жуктурган учурлар көбөйгөндүктөн мекеме-ишканалар кызматкерлерин эмдетүү тууралуу буйрук алышты

“Азаттыктын” өзбек кызматына айрым жерлерде кытай-өзбек вакцинасын кызматкерлерге мажбурлап сайып жатканы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө.

Атын атагысы келбеген Навои тоо-металлургия комбинатынын кызматкерлеринин бири жумушчуларга вакцина тандоо укугу берилбей жатканын айтты.

– Бизге бир ай ичинде эмделүү керек экенин билдиришти. Эмделбеген кызматкерлер ишканага киргизилбей турганын эскертишти. Биз эмдөөгө каршы эмеспиз, бирок бизге кытай-өзбек вакцинасын сунушташууда. Биз бул вакцина ден соолугубузга зыян тийгизиши мүмкүн деп коркуп жатабыз, – деди ал.

Буга чейин өзбек басылмалары Ташкенттеги көптөгөн уюмдарга Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынан кызматкерлерди тезинен коронавируска каршы эмдөө тууралуу сунуш түшкөнүн кабарлашкан.

Кызматтын өкүлү эмдөө ыктыярдуу түрдө гана өтүп жатканын айтты:

– Эгер жаран эмдөөнү каалабаса, эч ким аны мажбурлай албайт. Мындан тышкары жаран вакцина тандоо укугуна ээ. Бирок адам вакцинация өзү, ден соолугу жана айланасындагы кишилер үчүн зарыл экенин түшүнүшү керек.

30-июнда Кытайдан Өзбекстанга ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын дагы 1 миллион дозасы жеткирилген. Муну менен быйыл марттын аягынан бери Өзбекстанга келген ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы 6,5 миллион дозага жеткен.

“Спутник-V” жана AstraZeneca вакциналарын кошуп эсептегенде, өлкөдө препараттардын жалпы запасы 7,4 миллион дозаны түздү. Алардын 3,5 миллион дозасы эмдөө үчүн колдонулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.