Өзбекстанда аскерлерди күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча машыгуулар башталды

Өзбекстанда аскерлерди күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча пландуу машыгуулар башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиригенин uzdayli.uz жазып чыкты.

Анда маалымдалгандай, тактикалык машыгуулардын жүрүшүндө өздүк курамдын иш-аракеттери, берилген багытта коргоону күчөтүү мүмкүнчүлүгү жана күжүрмөн даярдыктын жүктөлгөн милдеттерин аткарышы текшерилет.

Аскердик машыгуулар Афганистандагы кырдаалдын курчушунун фонунда өтүп жатат.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги, 23-июнда билдиргендей, Ооганстандын 53 чек ара аскерлери жана жергиликтүү аскер кошуундары курал-жарак менен Өзбекстандын аймагына киришкен.

Машыгуунун алкагында аскер кызматкерлери шарттуу душманды таап, аба жана артиллериялык бөлүктөрдү, ошондой эле минометтордун батареясын колдонуп сокку урушу керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.