Өзбекстанда алты жашар кыз иниси жаткан бешикти өрттөп жиберди

Самаркандда алты жаштагы кыз эки айлык бөбөгү жаткан бешикти өрттөп жиберди.

Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар Өзбекстан ИИМине шилтеме жасап билдиришүүдө.

Маалыматтарга караганда, ата-эне балдарын үйдө жалгыз калтырып кеткен, кыз ширеңке менен ойноп жатып, эки айлык иниси жаткан бешикти өрттөп жиберген.

Өрт ата-энеси тарабынан өчүрүлгөн, ал эми балдар түрдүү деңгээлдеги күйүк менен ооруканага жеткирилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген