Өзбекстанда активист соцтармактагы комментарийди бөлүшкөнү үчүн кармалды

Өзбекстандын Самарканд шаарында активист Руслан Хайрнуров социалдык түйүндөрдөгү комментарийди бөлүшкөнү үчүн “жалган маалымат таратуу” айыбы менен кармалды. Бул маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгы ырастады.

Маалыматка караганда, 54 жаштагы Хайрнуров “Мададкор” маалесинин инспекторунун иш бөлмөсүнө профилактикалык сүйлөшүү үчүн 27-декабрда чакырылгандан кийин кармалган.

“Самаркандды сактайбыз” деген демилгелүү топтун мүчөсү Хуйрнуровдун жакындары ал акыркы айларда “мыйзам бузган” жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө каршы ишмердүүлүк менен алектенип жүргөнүн билдирүүдө.

Жакындарынын айтымында, Хайрнуров Самарканддагы тергөө абагынан Каттакургандагы №7 тергөө абагына которулду. Анын иши Жаңы жылдан кийин каралат деп күтүлүүдө.

2020-жылдын башында Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин ошол кездеги директору Комил Алламжанов ушак жана кемсинтүү үчүн эркинен ажыратуу сунушталган мыйзам долбоору даярдалганын билдирген. Ошол эле жылы январда документ талкуу үчүн токтом долбоорлорунун порталына жарыяланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.