Өзбекстанда 8 айлык наристенин денесинен 16 ийне табылды

Өзбекстанда хирургдар 8 айлык наристенин денесинен 13 ийне алышты. Бул тууралуу жергиликтүү kun.uz. сайты жазган.

Белгилүү болгондой, ымыркай акыркы убакта тынчы жок ыйлай бергендиктен, апасы ооруканага алып келген. Алгач дарыгерлер балага суук тийген го деп ойлошкон, бирок заара ушатканда кыйынчылык жаралганын көрүп, текшерүүдөн өткөрүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында, наристенин денесинде 16 ийне бар экендиги аныкталып, ийнелер баланы жок эле дегенде эки айдан бери кыйнап келгени аныкталган.

Ташкенттеги Республикалык балдар ооруканасында 9 сааттык операция жүргүзүлүп, наристенин денесинен 13 ийне алынган. Денеде дагы 3 ийне бар, бирок алар ымыркайдын ден-соолугуна коопсуз экендигин дарыгерлер айтышкан.

Балдар хирургиясынын жетекчиси, профессор Хабубилла Акиловдун айтымында, ийнелер ымыркайдын жоон ичегисинде, көкүрөк тушунда, желкесинде, белинде жана жүрөгүндө болгон.

“Хирургдар алгачкы 9 ийнени баланын ичегилеринен жана желкесинен алышты. Андан кийин жүрөк жана кан тамырларынан алынган,”- дейт Акилов.

Ал эми наристенин апасынын айтымында, баласын өзү гана карап, башка эч кимге калтырган эмес.

“Жолдошум Россияда иштеп жүрөт, ошондуктан, убактылуу апамдыкында жашап жүрөм. Ийнелер балама кантип киргенин билбейм.  Өзүмөн башка эч кимге ишенип таштаган эмесмин,”- дейт ыйлаган эне.

Дарыгерлердин айтымында, 8 айлык наристе  ийне жеп алышы мүмкүн эмес, ашказанын текшерүүдөн өткөргөндө да баары таза болгон.

“ Бир гана божомол бар, бирөө наристенин денесине тери аркылуу атайылап ийнелерди киргизген. Ооба, балдар топчуларды жутуп алышы мүмкүн, тыйындарды жутушу мүмкүн. Бирок ийнени жутуп алып жашап жүрүшү таптакыр мүмкүн эмес да,”- деп кошумчалаган профессор Акилов.

Учурда ымыркайдын абалы өтө оор. Укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери башталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген