Өзбекстан Ооганстандан Бухара аркылуу эвакуациялоого уруксат берди

Өзбек бийлиги Кабулдан Бухара аэропорту аркылуу эвакуациялоого уруксат берди. Бул тууралуу жекшемби күнү Бухаранын администрациясынын маалымат кызматы билдиргенин Интерфакс басылмасы жазып чыкты.

“Бүгүн Кабулдан эвакуацияланган жүргүнчүлөр учагы Бухарадан Будапештке жөнөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, Венгриянын Wizz Air авиакомпаниясынын бортунда Венгриянын, Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жарандары бар.

Маалымдалгандай, Ооганстандагы кырдаал курчуп кеткенден кийин, Өзбекстан бул өлкөдөн эвакуациялоо тизмегинин ортоңку звеносу катары иштейт. Германиянын бийлиги Ташкент аэропорту аркылуу мекендештерин, ошондой эле Евробиримдиктин жарандарын жана оогандарды эвакуациялап жатат, Польша өкмөтү Навои аэропорту аркылуу экспорттук канал түздү.

Буга чейин 20 -августта Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Германия, Орусия, АКШ, Швейцария, Австрия, Дания, Польша, Венгрия, Словакия, Казакстан менен кызматташып, аларга аэропорттун инфраструктурасын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөткөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.