Өзбекстан менен Тажикстан ГЭСтерди куруу боюнча ачык акционердик коомду түзүшөт

Тажикстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү Тажикстандын аймагындагы Зарафшан дарыясынын бассейнинде эки гидроэлектростанцияны биргелешип куруу үчүн ачык акционердик коомун түзүп жатышат, деп Азия-Плюска шилтеме берүү менен Trend басылмасы жазды.

Анда маалымдалгандай, келишимдин долбоорунда, бул компаниядагы тажик тараптын үлүшү 50 пайыз+ 1 үлүштү, ал эми өзбек тарап – 50 пайыз – 1 үлүштү түзөт, деп айтылат.

Жакын арада келишимдин долбоору тараптар тарабынан макулдашылып, кол коюлат деп күтүлүүдө. Тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн атынан Коомдун негиздөөчүсү катары иш алып барган уюмду аныкташат.

Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого жана жүргүзүүгө, социалдык жана экологиялык таасирди баалоого көз карандысыз эл аралык консалтинг компаниясын тартуу пландаштырылууда. Эл аралык каржы институттарынын же мамлекеттик уюмдардын каражаттарын тартууга жол берилет.

Курулуп жаткан ГЭСтер иштеп чыккан электр энергиясынын бардыгын өзбек тарап сатып алат деп күтүлүүдө.

Буга чейин Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султонов өзбек маалымат каражаттарына берген маегинде бул эки станциянын курулушу эки этапта пландаштырылып жаткандыгын айткан.

Баарынан мурда, жылына 800 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгара турган “Яван” ГЭСи курулат. 140 МВт кубаттуулуктагы бул станциянын алдын-ала баасы 282 миллион долларга бааланган.

Экинчи этапта, өзбек министринин айтымында, жылына орто эсеп менен 600 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыга турган “Фондарьё” ГЭСин куруу мүмкүнчүлүгү изилденет.

Кубаттуулугу 135 МВт болгон бул станцияны куруу үчүн 270 миллион доллар бөлүү керек болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.