Өзбекстан менен Казакстан ортосунда эл аралык маанидеги жол ачылды

Казакстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Аскар Мамин жана Абдулла Арипов 17-июлда «Бейнеу – Акжигит – Өзбекстан чек арасы» автожолунун ачылыш аземине катышты.

УзА маалымат агенттигинин кабарлашынча, трассанын узундугу 84 чакырымды түзөт.

«Бул Казакстандын деңиз порттору жана автотрассалары аркылуу өзбек товарларын Орусия жана Кавказ өлкөлөрүнө жеткире турган кыска жол болот», – деди казак өкмөт башчысы Аскар Мамин.

2018-жылы Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 3 миллиард долларды түзгөн, жыл башынан бери бул көрсөткүч 25% көбөйгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген