Өзбекстан машыгуу үчүн тажик-ооган чек арасына согуштук техникаларды жана атайын багыттагы аскерлерди жөнөтөт

Өзбек аскерлери жана офицерлери Тажикстандагы жана Орусиядагы кесиптештери менен биргеликте чектеш аймактан согушкерлердин кирип келишин алдын алуу максатында тажик-ооган чек арасын коргоо үчүн машыгышат.

1-августтан 10-августка чейин Тажикстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен масштабдуу аскердик машыгуулары Тажикстандын Афганистан менен чек арасында Хатлон багытында өтөт. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнүн басма сөз бөлүмүнүн билдирүүсүнө таянып Азия Плюс жазып чыкты.

Афганистан менен чек арада жайгашкан “Харбмайдон” аскер полигонунда тажик, өзбек жана орус аскерлеринин биргелешкен антитеррордук машыгуулары өтөт.

Машыгууларга үч мамлекеттин аба күчтөрү, абадан коргонуу күчтөрү, бронетехника жана атайын күчтөр катышат.

Машыгуунун темасы Ооганстандан Тажикстанга террористтер кирген учурда үч мамлекеттин аскер күчтөрүнүн чек арадагы аракеттерин координациялоо болот.

Булак пландаштырылган маневрлер “Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын аскер күчтөрүнүн биринчи толук кандуу биргелешкен машыгуулары” деп белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.