Өзбекстан Кыргызстанга 10 млн АКШ долларын инвестициялайт

Өзбекстан 10 млн АКШ долларына жакын каражатын Кыргызстанга инвестиция катары киргизүүгү пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов коңшу өлкөнүн «Artel» компаниясынын Башкы директору Дилмурад Гаипов менен болгон жолугушууда сөз болду. Ташкенттеги кыргыз элчилиги тараткан маалыматта айтылгандай, аталган компания бул суммага инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат.

Тараптар 2018-жылы Ош облусунда жалпы суммасы 1 млн долларлык иштер аткарылганы тууралуу пикир алышты. Ал жылы бул компания айнек, эшиктерди жана кир жуучу машиналарды чыгарган.

Жунусов менен Гаипов Кыргызстандын Түштүгүндө эки долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөштү. Алар: жалпы баасы 5 млн долларлык «MEDIAPARK» соода-паркын жана 3 млн долларлык «Artel Technical School» аталышында мамлекеттик эмес мекемесин ачуу пландалды.

Ошондой эле келечекте мындан башка тармактар боюнча да кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүрдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген