Өзбекстан кыргыз жарандары үчүн ЖОЖдоруна 100 орун бөлүп берет

Өзбекстан кыргызстандык абитуриенттер үчүн жогорку окуу жайларында 100 квота орун бөлүп берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, квота бөлүү боюнча макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн. Бакалавриат жана магистратура программалары үчүн орундар каралган.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер онлайн платформасында каттоодон өтүшү керек (“Конкурстар” бөлүмү – “Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдоруна 2021-2022 окуу жылына кабыл алуу”), анкеталарды толтуруп, бардык талап кылынган документтерди жүктөө 15-июлда саат 23.59га чейин жүргүзүлүшү керек.

Онлайн тутумунда ийгиликтүү жана өз убагында катталып, бардык керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлер болжол менен 2021-жылдын 17-19-июль күндөрү боло турган алдын-ала тандоого катыша алышат.

Сурап ​​билүү телефону: 0312621519 күн сайын саат 15.00дөн 17.00гө чейин.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.