Өзбекстан куруп жаткан Навои мектебинде эми окуу үчүн акы алынабы?

Өзбекстан салып берип жаткан Алишер Навои мектеби быйылтан тарта гуманитардык сабактарды тереңдетип окутат.  Бул 5-класстан жогоркулар үчүн. Ал эми башталгыч класстарга  “кош тилдүүлүк” программасы аркылуу билим берилет. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Жеңиш Байзаков билдирди.

Анын айтымында  окуучуларга бир эле убакта бир нече тилде сабактар өтүлөт. 5-класстан жогоркуларга болсо  атайын программа киргизилип,  гуманитардык сабактар менен бирге математикага  басым жасалат. Ал үчүн кошумча мугалимдер тартылат.  Гимназиядан билим алгысы келген шаар аймагындагы бардык мектептин окуучулары конкурс аркылуу тандалып алынат.

Буга чейин ата-энелер “Ынтымакка” кайрылып, Алишер Навои мектеби быйылтан баштап  окуу үчүн акы алган гимназия болорун айтып, тынчсызданышкан. Бирок билим берүү башкармалыгы маалыматты төгүндөп, Өзбекстан куруп берип жаткан мекеме мамлекеттик бойдон калып, окутуу акысыз жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ош шаарында Өзбекстандын эсебинен Алишер Навои атындагы  мектептин курулуш былтыр башталган. Үч кабаттуу жаңы мектеп окууга тиешелүү бардык шарттар менен камсыздалат, анын ичинде спорт жана салтанат залы, эмгек бөлмөсү, медициналык пункту, ашкана менен жайкы спорт комплекси болот.  Бул авариялык абалдагы мурдагы мектептин кошумча имаратынын ордуна курулуп бүткөрүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген