Өзбекстан: Коронавируска чалдыккандардын саны 4кө жетти

COVID-19 вирусуна чалдыккан бир ташкендик аялдын уулу менен кызына да бул вирус жуккандыгы тастыкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таркатты.

Билдирүүдө илдетке чалдыккандар менен байланышы болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы тең Вирус таануу илимий изилдөө институтунун клиникасына жеткирилгендиги белгиленет.

Бул аял жашаган көп кабат үйдөгү 230дай тургун да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

11-мартта Ташкенге Парижден кайткан аталган аял жана анын уул-кызынан тышкары алардын үй-бүлөсүнө тиешеси жок дагы бир өзбекстандык коронавируска чалдыкканы айтылды.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, бул төртүнчү киши 15-мартта таңга маал Өзбекстан Аба жолдору компаниясынын Стамбул-Ташкент каттамын тейлеген учагы менен Өзбекстандын борборуна кайтып келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген