Өзбекстан Афганистан менен чек арада эл аралык соода борборун курат

Өзбекстан Афганистан менен чек арада 500 миллион доллар жүгүртүүсү менен “Термез” эл аралык соода борборун курат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бул борбор үчүн Термез аймагынан 26 гектар жер бөлүнүп берилген. 75 миллион долларга бааланган бул борбордо продукцияны кабыл алуу, сактоо, иштетүү, сорттоо жана таңгактоо, ошондой эле сатуу үчүн терминалдар жайгаштырылат. Бардык керектүү инфраструктуралар түзүлөт », – деп айтылат билдирүүдө.

Долбоорго ылайык, комплексте 1800 соода түйүнү, 50 миң сыйымдуулукка ээ логистикалык борбор, 400 орундуу эки мейманкана, ооруканалар жана автоунааларды тейлөө пункттары болот. Имараттардын биринчи кабаттарына дүкөндөрдү, экинчи кабатына жеңил өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу пландаштырылууда.

Эксперттердин айтымында, эл аралык соода борборунун жылдык жүгүртүүсү 500 миллион долларды, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 10 миллион долларды түзөт. 192 миллион долларлык экспорт борбор аркылуу өтөт.

Борбордун курулушун баштоо үчүн реконструкциялоо жана өнүктүрүү фондунан 10 миллион доллар бөлүнгөн.

Эл аралык соода борборун пайдаланууга берүү 2022-жылга пландаштырылган.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.