Өзбек тарап Кыргызстандан картошка сатып албай жаткандыгынын себебин айтты

Картошка сатып алуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге расмий кол коюлган эмес. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү өз булактар билдиришти.

Алардын айтымдарында, учурда өзбек ишкерлери картошканы Пакистандан сатып алып жатышат.

«Кыргызстан картошканы бизге экспорттоо каалоосун билдирген. Бирок кыргыз картошкасы кымбат болгондуктан, ишкерлер Пакистандан арзаныраак алып келип жатышат. Азыр өзбек базарында картошка жетиштүү», — деп билдиришти булактар.

Буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев облуста 150 миң тонна картошка сатылбай турганын айткан.

Былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картошканы көп айдап алган дыйкандар болсо мээнети акталбай калганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, былтыр картошканын килограммынын дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5 сом болууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген