Өзбек бийлиги атайын кызматтын мурдагы башчысы камалганын расмий ырастады

14-июнда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынганын расмий ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, Абдуллаев менен анын орун басарына, ошондой эле дагы онго жакын кызмат адамына каршы «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Пара алуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

«Бул кылмыш иште мурдагы жогорку кызматтагы бир нече адам бар болгондуктан, андагы көптөгөн маалыматтар ачык айтылбайт», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

53 жаштагы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынгандыгы тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы быйыл февралда өз булактарына таянып кабарлаган.

Абдуллаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчылыгына 2018-жылы январдын аягында дайындалган. Ага чейин өлкөнүн башкы прокурору жана президенттин мамлекеттик кеңешчиси кызматтарында иштеген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген