Завод да, эл да көчпөйт! Бийлик айылды каптаган кара түтүн көйгөйүн чече албай жатат

Кара-Сууда жүздөн ашык үй-бүлө акиташ заводуна кошуна жашайт. Ортону бир гана көчө бөлүп турат. Ишканадан чыккан кара түтүн конушту каптап турганына он жылдан ашты. Тургундар түтүндөн улам айылда ар кандай оорулар күчөгөнүн айтып нааразы. Бийлик болсо маселени чечүү жолун азырынча таба элек. 

Кызыл-Кыштактын тургундары буга чейин  жергиликтүү бийликке, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга кайрылган. Бирок маселе он жылдан бери чечилбей келет.

“Эшик терелерибиз ар дайым жабык болот. Антпесек баарыбызбы түтүн каптап кетет. Бир тазалоочу жерибизди кайталап жүз жолу тазалайбыз. Сыртка эч нерсе койо да албайбыз. Кайрылбаган жерибиз калбады эмне кылышты деле билбей калдык” -, дейт Кара-Суу районунун тургуну Абдымомун Мойдунов. 

Бул айылда жалпы болуп 100дөн ашуун үй-бүлө жашайт. Алардын көпчүлүгү 2000-жылдары ушул жактан чек алып, үй тургузуп көчүп келгендер. Айыл жаңы түптөлгөн жылдан бери эле ак-кара аралаш чаң менен жашап келишет. Анын кесепетинен түрдүү ооруларга кабылышкандары да бар.

“Жаман таасирин тийгизип жатат, аллергия, тери оорулары күчөдү. Чоң аялдар болсо буулат. Терезе-эшик ача албайбыз да. Экотехинспекцияга кайрылганбыз. Алар өзүңөр баарын көрүп туруп келгенсинер, булар илгертен бери иштеп келишет деп кетип калышты”,- айылдын дагы бир  тургуну Гүлчехра Ахмедова. 

Жашоочулар айыл өкмөткө бир нече жолу кайрылганын айтышса, жергиликтүү бийлик расмий кат келбегинин билдирет. Заводдун аянты 50-60 сотыхты түзүп, жеке ишкерге буга чейин сатылып кеткен.

“Биз экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына кайрылабыз.  Алар менен биргеликте комиссия түзүп, заводго кандайдыр бир фильтр койобузбу же дагы башка жактарын ойлоштурабызбы көрөбүз. Буйруса, чечкенге аракет кылып атабыз”,- дейт Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Манап Маккамбаев. 

Жергиликтүү бийлик акиташ чыгарчу заводду да, элди да көчүрө албай турганын билддирди. Анткени айылда жер тартыш. Мындан улам маселени экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция менен биргеликте карап чыгышат. Бирок 100дөн ашуун үй-бүлө качан түтүндөн арылат азырынча белгисиз.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген