Аптаптуу ысыктан кантип сактанууга болот?

Абанын көтөрүлүшү адамдардын, биринчи кезекте карылардын жана балдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет, бул өнөкөт оорулардын күчөшүнө, кээ бир учурларда организмдин ысып кетишине жана ден-соолуктун кескин начарлашына алып келет.

Күндүн ысыгында адам өзүн кандай алып жүрүү керек?

Жалпы эрежелер:

  1. Көчөдө болуу убактысын чектеңиз, мүмкүн болсо, физикалык активдүүлүктү азайтыңыз.
  2. Бөлмөдө болгондо, алардын желдетилишин камсыз кылуу керек терезелерди бир аз ачып, желдеткичтерди же кондиционерлерди иштетиңиз.
  3. Күндүзү өтө муздак эмес душ алыңыз.
  4. Сыртка чыкканда, ачык түстөгү табигый кездемеден тигилген жеңил кийимдерди кийиңиз, кийимдин жакасы бекем болбошу зарыл, көчөдө баш кийим (жайкы баш кийим, панама сыяктууларды кийип жүрүнүз), күндөн коргоочу көз айнек жана кол чатырды колдонсоңуз ысыктан сактанган болосуз.
  5. Көчөдө катуу темп менен баспаганга аракет кылыңыз. Андыктан, шашылыш иштерди бүтүрүү үчүн үйдөн эрте чыкканга аракет кылган оң. Жолдун ачык жанынан эмес, көлөкөлүү тарабында жүрүңүз.
  6. Эрте мененки же кечиндеги жеке жана коомдук транспорттор менен саякаттоо чектелип же пландаштырылышы керек.

Тамак-аш

  1. Суюктукту көп ичүү абзел: чай, суу, жемиш суусундуктары, сүт кислотасы бар суусундуктар, кургатылган мөмөлөрдүн кайнатмалары.
  2. Ачуу тамактар менен азыктанбаңыз. Тамакка кошулган туздун көлөмүн азайтуу сунушталат. Кофеден, алкоголдук ичимдиктерден, содалуу ичимдиктерден баш тартыңыз – бул суусундуктар жүрөктүн согушун оорлотот.
  3. Ичкенге чейин мөмө-жемиштерди суу менен жакшылап жууңуз.
  4. Адатта ичкен дары-дармектерден баш тартпаңыз. Аларды ар дайым жаныңызда алып жүрүңүз.

Балдар

  1. Балдардын күндүн астында болуу убактысын кыскартуу, экскурсиялардын жана сейилдөөнүн убактысын эс алуучу жайлардын көбөйүшү менен эртең менен же кечинде өткөрүү сунушталат.
  2. Балдарды жуунтуу ушул максаттар үчүн белгиленген жана жабдылган жерлерде гана, жуунууну уюштуруу эрежелерине ылайык жүргүзүлүшү керек.
  3. Физикалык активдүүлүктүн жогорулашына байланыштуу иш-чаралардын (спорт оюндары жана мелдештер) санынын азайышын камсыз кылуу сунушталат.
  4. Балдарга кепилденген сапаттагы (биринчи кезекте бөтөлкөдөгү) жетиштүү көлөмдөгү ичүүчү суу берилиши керек, анын ичинде аларды эс алуу жана экскурсиялык жерлерге жеткирүү мезгилинде.
  5. Балдарга тамак уюштурууда ышталган, куурулган, майлуу жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарынын көлөмүн азайтуу керек.
  6. Баланын кийимине көңүл буруңуз, ага панама же башка жеңил баш кийимдерди, кол чатыр жана күндөн коргоочу көз айнектерди тагыңыз.
  7. Саламаттыкты сактоо мекемелеринде балдарга барганда үйдөн жасалган азыктарды, тез бузулуучу колбасаларды, тортторду, консерваланган азыктарды, таттуу газдалган суусундуктарды, чипсы алып баруу сунушталбайт. Минералдык сууга жана ширелерге артыкчылык берүү сунушталат.
  8. Балдары ысык аба ырайына чыдабаган ата-энелер жайкы ден-соолукту чыңдоочу лагердин кызматкерлерине бул жөнүндө эскертүүсү керек.
  9. Үйдө ымыркайларды көбүнчө ным сүлгү менен сүртүп туруу зарыл.

Баш кийимсиз узак убакытка күн астында болуу кооптуу. Мындай учурларда – адамда кескин баш оорусу, баш айлануу, тердөө, кусуу, эсин жоготуу пайда болот.

Биринчи жардам

  1. Көлөкөгө же салкын бөлмөгө түз жаткырыңыз.
  2. Кийимдин жакасын ачыңыз (ашыкча киймден жеңилдетүү абзел).
  3. Вентиляторду жандырыңыз, денени нымдуу сүлгү менен сүртүнүз.
  4. Денедеги минералдык заттардын жана суюктуктардын балансын калыбына келтирүү үчүн муздак туздалган сууну кичинекей ууртам менен ичирүү керек.
  5. Эч качан спирт ичимдиктерин же кофеин бар суусундуктарды колднобоңуз. Алар суусузданууга алып келет.
  6. Эгерде адамдын абалы бир аздан кийин оңолбосо же начарлап кетсе, дароо эле дарыгерге кайрылыңыз.
Булак: zavrb.udmmed.ru

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.