Өзүн атып, аман калган адамдын башынан ок алынды, абалы жакшы

Кыргызстандын Улуттук госпиталынын нейрохирургдары 30 жаштагы жаранды операция кылып, башынан ок алышты. Чекесин тешип өтүп, баш сөөгүнүн ичинде калган окту алдырыш үчүн ооруканага ал адам өзү басып келген. Азыр операциядан өткөн жарандын абалы турукташа баштады. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын №2 нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Бектемир Мукамбетөмүров кабарлоодо.

Операция жаран жараат алгандан үч күн өткөндөн кийин жасалганына карабастан ийгиликтүү өткөнү, ал азыр өз алдынча тамак жеп, басып калганы айтылууда.

Ок баш мээге 3 сантиметр жетпеген жерде такалып калган. Операция эки саатка жакын убакытка созулган. Адистер бул операцияны уникалдуу деп аташты. Бирок мындай операциялар дүйнөдө көп эле кездешет.

Кыргызстандык ЖМКлар бейтап өзүн өзү атканын, ага үй-бүлөлүк маселелер алып келгенин жазышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.