“Өзүмдү пиар кылбайм” Президент ага карата айтылган сын-пикирлер тууралуу суроолорго жооп берди

Менин президенттик ишим жеңил пиар эмес. Анткени мен өзүм үчүн эмес, бүтүндөй кыргызстандыктар үчүн иштейм. Мындай пикирин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маэгинде билдирди. Анда ажо үгүт иштери учурундагы анын дарегине айтылган сын-пикирлер жөнүндөгү суроолорго жооп берди.

“Менин президент катары милдетим — келечекке багытталган иштерди жасоо, аларды ишке ашыруу, утурумдук иш эмес. Ошондуктан да көп нерсени, мүмкүн, азыр айтпайм жана айта албайм дагы. Анткени, коомдогу тынчтык мага абдан маанилүү”, — деди Жээнбеков.

Анда президент популисттик билдирүүлөр дайыма болуп келгенин жана боло берээрин белгиледи.

«Жаш саясатчылар гана эмес, 20-30 жылдап саясатта жүргөн саясатчыларыбыз да популизмге алдырып жатышат да. Ошондуктан, бизде элибизде жакшы лакап бар — “Ушак уксаң унутуп сал, эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал” деген, ошону айтат элем», — деп баса белгиледи Президент.

Маэк учурунда Сооронбай Жээнбеков үгүт иши болуп жаткандыктан «тигил, бул» деп атын атап, аларга реклама, пиар кылбай турганын кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген