Ызгаар сууктан улам интернет жана байланыш тармактары иштебей калышы мүмкүн

Катуу сууктан улам Кыргызстанда интернет, телефондук байланыш, радио жана телевидениелердин иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул туурасында Байланыш жана маалыматтык технология комитетинен билдиришти.

“Ар бир региондо байланыш үчүн атайын жабдуулар орнотулган. Ызгаар суук жабдууларга таасирин тийгизбей койбойт. Мындан улам иштен чыгып калышы ыктымал”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда мобилдик операторлордун бири өз абоненттерине байланышуу мүмкүнчүлүгү чектелип калышы ыктымалдыгын эскертүүдө.

Кыргызгидромет буга чейин шашылыш билдирүү таратып, 26-январдан 29уна чейин Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болорун кабарлаган.

Мындай ызгаар байланыш тармагына эле эмес шаардыктарды суу менен камсыздаган жабдууларга да кедергисин кийгизиши мүмкүн.

Булак: Спутник сайты

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.