Ысык-Көлдө жер силкинди

14-ноябрь күнү саат 23:49да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР Сейсмология институту кабарлады.

Малыматка ылайык, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу, Темир-Канат айылында 2,5 балл жана Бөкөнбаев айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген