Ысык-Көл жана Ош шаарында туристтер үчүн тейлөө борборлору курулат

Ысык-Көл облусунда жаңы туристтерди тейлөө борборлорун куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу экономика жана каржы министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Ош жана Өзгөн шаарларында музейлер жана туристтик жайлар модернизацияланат. Ошондой эле туристтерди тейлөө борборлору курулат.

«Мындан тышкары, биз аймактарда туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгып, бекитүүнү каалайбыз. Жакында эле эл аралык өнөктөш JAICA менен Чүй облусундагы туризмди талкууладык. Дүйнөлүк мурастын тарыхый жана маданий объектилеринин жардамы менен аймакты өнүктүрүү боюнча долбоор бар. Жакын арада бардык деталдар менен чечимдерди беребиз », – деди ал.

Буга чейин коронавируска каршы эмделген чет элдик туристтер Кыргызстанга келе алышат деп айтылган.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.