Ысык-Көлдө туристтик база курууга эл аралык каржы донорлору каражат берет

Кыргызстанда туристтик базаны өнүктүрүү багытында эл аралык каржы донорлору  55 млн доллар каражат берет. Анын жарымы 0,75 пайыздуу жеӊилдетилген насыя, калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналат. Жалпы 18 жыл мөөнөткө берилди.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеногвдун айтымында, макулдашуу долбооруна ылайык, алынган каражатка Түп-Кеген автожолунда жайгашкан «Каркыра» туристтик базасына чейинки 15 чакырым жол курулат.

«Каражаттын калган бөлүгү Жарандык авиация агенттигинин ишин жандандырууга жана Ысык-Көлдөгү 5 туристтик базанын курулушуна жумшалмакчы», – деди ал.

Эскерте кетсек, каражат эки тараптуу каржылоо жөнүндөгү макулдашуу долбоорунун негизинде берилүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген