Ысык-Көлдө өрттөн мал-жандыктар күйүп кетти

Ысык-Көл облусунун Кыштообай айылында өрттөн 10 кой, 2 уй күйүп кетти. Сарай жана андагы тоюттар да күйдү. Азыркы тапта тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык 6-октябрь күнү катталган. Тилсиз жоону өчүрүүгө өрт-куткаруу бөлүмүнөн адистер тартылып, төрт саатта араң өчүрүлдү.

Өлкөдө 2012-жылдан бери 20 миңден ашык өрт кырсыгы катталды. Эң көп тилсиз жоо жүз берген учур 2013-жылы болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.