Ысык-Көлдө өрттөн эки бала каза болду

Түп районунун Сары-Булуң айылында кечээ, 14-сентябрда Жаштык көчөсүндөгү турак үйдүн короосундагы чөп сарайынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымат боюнча, өчүрүүгө Түп районунун 34чү өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Саат 15: 00дө катталган өрт саат 17: 45те локализацияланган жана толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн 2017 жана 2015 -жылы туулган эки бала, бир кыз жана бир бала каза болгон.

Жалпысынан 600 түк чөп күйүп кеткен.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.