Ысык-Көлдө он жыл мурунку бүтүрүүчүлөр мечитти оңдоп жатышат

Ысык-Көл облусунун Бөрү-Баш айылынын 10 жыл мурун мектепти аяктагандар мечитти ондоп-түзөөдөн өткөрүп жатышат. Алар бүтүрүү кечесине чогулган каражатты ысырапкорчулук кылуунун ордуна пайдалуу ишке жумшоону туура көрүшкөн.

“Айылдагы мечит оңдоого муктаж болчу. Өзүбүздүн балдарыбыз ушул ишке барып жатышы бизди абдан кубандырды. Тургундар да ыраазычылыгын айтышып, дубаларын беришти”,-деди райондун баш имам хатиби Асантур ажы Абдырахманов.

Кыргызстанда акыркы 2-3 жылдан бери он, жыйырма жыл мурунку бутүрүүчүлөр айылдагы социалдык объектилерди ондоону колго ала башташты. Айрымдары көпүрө салышса, кээ бирлери арка куруп беришүүдө. Ошондой эле муктаждарга үй куруп берген учурлар да болууда.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz