Ысык-Көлдө Кыргызстандын пляждык футбол боюнча кубогу өтөт

Ысык-Көлдүн жээгинде 20 -августтан 23 -августка чейин Кыргызстандын пляждык футбол боюнча кубогу өтөт. Бул тууралуу футбол ассоциациясынан билдиришти.

Алардын айтымында, бул турнир төртүнчү ирет өтүп жатат.

Турнирге 8 команда катышат: Бишкек, Чүй облусу, Нарын облусу, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району жана Казакстандын 12 жолку чемпиону Арман командасы (Павлодар, Казакстан).

Бардык мелдештер Жети-Өгүз районунун Тосор айылында өтөт.

Белгилей кетсек, “Жети-Өгүз” командасы Кубоктун учурдагы чемпиону.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.