Ысык-Көлдө катуу шамал болуп, чатырларды учуруп кетти

6-феварль күнү саат  16:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шамалдын кесепетинен «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын профнастил менен жабылган чатырынын 185 чарчы метрдин катуу шамалга туруштук бере албай учуп кеткен.

Учурда жеринде жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген