Ысык-Көлдө карантиндин эрежелерин сактабаган 8 адам обсервацияга жаткырылды

Ысык-Көлдө үй карантининин эрежелерин сактабаган 8 адам милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штабтан белгилүү болду.

Анда маалымдалгандай, чет өлкөлөрдөн келген Ысык-Көлдүн тургундары үй карантиндин шарттарын бузуп, эрежелерди аткарган эмес.

Андыктан, коронавирустун алдын алуу максатында облустук ыкчам штабтын чечими менен Түп районунун Ысык-Көл айылы изоляцияга алынды.

Эрежеге баш ийбеген, тартипти сактабаган Ош облусунун жашоочулары обсервацияга алынат деген эскертүүнү кечээ, 31-мартта Ош, Ноокат жана Кара-Суунун коменданты Малик Нурдинов да берген. Анда маалым болгондой, тартип бузуп жүрүп вирусту жуктуруп алган жарандар өз каражаттарынан дарыланаары айтылган.

1-апрель: Коменданттык сааттын эрежесин бузган 147 жаран кармалды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.