Ысык-Көлдөгү селдин кесепетинен жалпы 342 үй жабыркады

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын, селдин жана дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында 342 үй жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 67 үйдү суу каптап, 2 үй авариялык абалда жана 2 үй толугу менене жараксыз абалга келген.

«Учурда облуста электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Буга чейин 19 үйдө иштер бүткөрүлгөн. Көчөлөр да тазаланып жатат. Аймактын инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда ”, – деп айтылат билдирүүдө.

Аймакта болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жалпы 27 даана атайын техника тартылгандыгы такталды: 2 самосвал, 6 жүктөгүч, 5 экскаватор, 3 бульдозер, 1 трактор, 2 КамАЗ, 2 кран жана 6 самосвал жүк ташуучу унаалар.

Эске салсак, 30-июлда Ысык-Көл облусунда табигый кырсык катталган. Тактап айтканда, Каракол жана Балыкчы шаарлары, ошондой эле Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондору жабыркады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.