Ысык-Көлдөгү 20 айылда бала бакчалар чайдын ордуна компот менен камсыздалууда

Ысык-Көл облусунун 20 айылындагы фермердик топ катары иштеп жаткан кыз-келиндер жамааты бала бакчалар менен мектептерде кара чай берүүнү жойду. Анын ордуна экологиялык жактан таза компотторду жасап берүү практикасын киргизди. Бул тууралуу “Ынтымакка” “АВЕП” коомдук фондунан билдиришти.

Аталган фонддун  “Айылдык жаштарды жумуш менен камсыз кылуу” (“АВЕП”)  аймактарды өнүктүрүү жылына карата социалдык долбоор катары сунуш жазып, Финляндиянын Астанадагы элчилиги аркылуу Ысык-Көл облусундагы 20 айылдагы кыз-келиндерден түзүлгөн 20 фермердик жамаатка как кургатуучу 20 жабдууну бекер таркатып берген.

Ал жабдуулар негизинен энергияны күндүн нуру аркылуу топтоп, экологиялык жактан таза, сапаты мыкты как кургатканга ылайыкташкан.

Фермердик топторго бир гана талап – “Экологиялык жактан таза мөмө-жемиштерди как кылып өндүрүп, пайда тапкыла. Өз айылыңарды өнүктүрүүгө салым кошуп, башкаларга дагы үлгү болгула” – деп айтылган.

Чайды ичкенде андагы “танин” деп аталган зат организмге керектүү болгон темирди, башка пайдалуу элементтерди күйгүзүп кетет. Ал эми алма, өрүк, карагат жана башка түрдүү өсүмдүктөрдөн жасалган табигый компот ден соолукка пайдасын гана берет дешет.

Бул долбоор азыр ийгиликтүү иштегендиктен айылдыктардын колдоосуна ээ болду. Мурда айылдыктар какты ачык асман алдында кургаткандыктан чымын-чиркей конуп же чаң болуп санитардык талап сакталчу эмес. Убакытты дагы көп талап кылып, жамгыр жааса же күн бүркөө болсо сапаты анча болбой калчу.

Күндүн нуру менен кургата турган жабдыктар герметикалык болуп жабылып, чымын-чиркей эмес чаң да кирбейт. Кургатылган кактар идеалдуу көрүнөт.

Мындан улам айылдагы башка тургундар дагы мындай как кургатуучу жабдыктардын санын бара-бара көбөйтөбүз деп жатышат. Бир чети балдарыбыздын, өзүбүздүн ден соолугубузга пайда болсо экинчи бир жагынан бактан түшүп калган же мөндүр уру кеткен алмаларга экинчи мүмкүнчүлүк берип, пайда тапса болот дешет.

Бала бакчалар менен мектептерге какты кайнатып, компот берүү идеясы азыр коңшу айылдарга дагы жайылтылып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген