Ысык-Көлдөгү 18 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча процессти облус жетекчиси өз көзөмөлүнө алды

“Золотые пески” пансионатында болгон трагедиялуу окуяны тергөө иштери президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоевдин жеке көзөмөлүндө.

Облустук башкармалыктын маалыматы боюнча, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан “байкабастыктан адам өлтүрүү” беренеси боюнча сотко чейинки иш-аракеттер башталды, топтолгон материалдар бирдиктүү реестрге катталды.

Бүгүнкү күндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, кечээ Бостери айылындагы “Золотые пески” пансионатында бир жигит диаметри 500 мм болгон аквапарктын түтүгүнө сорулуп кеткен.

Маркумдун сөөгүн алып чыгуу үчүн түтүк кесилгени белгиленди. Каза болгон 2003-жылкы С.Снин денеси өлүкканада. Жигит Бишкек шаарынын тургуну экени белгилүү болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.