Ысык-Көлдө Балыкчы – Барскоон жолун реконструкциялоо иштери башталды

Ысык -Көл облусунда Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун Балыкчы – Барскоон тилкесин реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу транспорт министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, алгачкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда (маршруттун жалпы узундугу 141,6 км). Бул бөлүнүүчү тосмо менен төрт тилкелүү жол болот.

Белгилей кетсек, Балыкчы – Барскоон унаа жолунда капиталдык оңдоо иштери 50 жылдан бери жүргүзүлгөн эмес.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана буйругу менен ишке ашууда жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАК тарабынан каржыланууда.

Алгачкы жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания – Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп саналат, деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.