Ысык-Көлдү багындырууга бет алган суучул 82 чакырымды сүзүп өттү

Ысык-Көлдүн аркы өйүзүнө сүзүүнү чечкен кыргызстандык суучул Владислав Шулико 82 чакырымды сүзүп өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, спортчу Бостери айылын көздөй жылууда. Сүзүүчүнү ӨКМдин куткаруучулары моторлуу кайыктарда коштоп жүрүшөт жана бүт процесс социалдык тармактарда түз алынып көрсөтүлүүдө.

Сууда сүзүүчү айткандай, бүгүн аба ырайы анча жакшы эмес, толкундар чоң. Бирок ден соолугу нормалдуу.

Маалымдалгандай, спортчу жалпысынан 82 чакырымды сүзүп өттү. Дагы 98 км калды. Суунун температурасы бүгүн 21-22 градусту түздү.

Эске салсак, кыргызстандык 22 -август күнү эртең менен Каракол тараптагы жээктен баштаган. Ал жерден Балыкчыга карай сүзгөн. Спорт чебери 180 км аралыкты сүзүп өтүүгө аракет кылууда, ал эми ал аба ырайына жараша болжол менен 4-5 күнгө созулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.