Ысык-Көлдө 18 жаштагы бала суу түтүгүнө сорулуп кетип каза болду

27- июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Золотые пески” пансионатынын жээгинде Аквапаркка эс алууга келген 18 жаштагы бала каза болду. Ал жээктеги жылгаякка туташкан суу түтүгүнө сорулуп кеткен. Бул тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Маркумду төрт куткаруучу алып чыгышкан. Ага экскаватор дагы тартылган. Түтүктүн диаметри 50 сантиметрди түзөт », – деп билдиришти башкармалыктан.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Окуя фактысы боюнча текшерүү башталды.

“Короче” телеграм-каналы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.