Ысык-Көл: өрт кырсыгынан 2 адам каза болду. Дагы 8 адам ооруканада

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 19-июнь күнү жеке ишкер Бориско Викторго таандык газ толтуруучу жай күйүп кеткен. 30 тонналык жана 10 тонналык бочкаларда жаракалар пайда болуп, ал жерден газ чыккан.

Тилсиз жоонун кесепетинен эки адам каза болду. Дагы сегиз адам ар кандай күйүк жаракаттарды алышып, Чолпон-Ата шаардык ооруканага жаткырылды.

Өрттүн натыйжасында 30 тонна цистернасы менен ДАФ унаасы ( мам. № белгисиз); РЕНО унаасынын бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен оор жүк ташуучу унаа, Газель унаасы цистернасы менен, 1 женил унаасы күйгөн.

Саат 17:22 чамасында 101 кызматына Ананеьва айылынын Советская көчөсүндө газ толтуруучу жай күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 18:31де чектөөгө алынып, саат 21:15те толук өчүрүлгөн.

Өрт болгон жерге Чолпон-Ата шаарынын кошумча 1 бөлүм чыгып, өздүк курамдын жана техникалардын жардамы менен газ турган бочкаларды муздатууну уюштурушкан.

ӨКМ өрттүн чыгуу себеби такталып жатканын кабарлады.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген