Ысык-Көл аэропортунда Жалал-Абаддан учуп барган алгачкы рейс тосуп алынды

Бүгүн, 1-июлда, Ысык-Көл эл аралык аэропортунда Жалал-Абаддан барган акыркы 8 жылдын ичиндеги биринчи рейсти тосуп алышты.

“Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, Tez Jet авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Жалал-Абад – Тамчы багыты боюнча 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 баланы жеткирди. Ал эми 11 жүргүнчү Тамчы – Жалал-Абад багытында учуп кетишти.

Авиакомпания каттамды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландаштырууда.

“Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” эл аралык аэропорту авиабилеттерге таасирин тийгизбейт жана жөнгө сала албайт, ошондой эле авиабилеттерди сатпайт! Баа саясатын билеттерди белгиленген ички эрежелерге ылайык саткан авиакомпаниялар аныкташат », – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.