Ырчы Самара Каримова кырсыкка учурап, жандандыруу бөлүмүндө жатат

Ырчы Самара Каримова Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан кийин реанимацияда жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бишкек-Ош унаа жолунда, ырчы Самара Каримова отурган унаа кырсыкка учурап, күйөөсү рулда бара жатып уктап кетип, бетон парапетке урунган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унааны ырчынын жолдошу Мансур Асанов башкарып бара жаткан. Ал рулда уктап кетип, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Алдын-ала медициналык экспертизанын жыйынтыгында айдоочу сергек болгон жана ал эч кандай жаракат алган эмес.

Самара Каримова аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Ооруканада Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев баш болгон үч жүргүнчү бар.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.