FB Twitter YouTube Одноклассники

Ырчы Рустам Шах: социалдык тармактарда жокмун

Кыргыз шоу дүйнөсүндө Рустам Шах деген ысым пайда болгонуна аз эле убакыт болсо да чыгармалары элге жагып, өз ордун таап келе жатат. “Ынтымак” радиосунда “Жайдын убагы “ атту  чыгармасы  угармандардын купулуна толуп сурангандар көбөйгөн чагы. Бул мырза менен “Шайыр кошуналар” программасында маек курдук.

Рустам Шах деген ысым эмнени түшүндүрөт?

Рустам Шах менин чыгармачылыктагы каймана атым. Апам белгилүү эстрада жылдызы Шахрезада Аскарова. Бул атты апам мага ыйгарган, апамдын аты менен жүрүү мен үчүн сыймык.

Чыгармачылыктагы соңку эмгектер тууралуу сүйлөшөлү

Мен өзүм Бишкектен болом. Казакстанда чоңойуп өскөнмүн. Бирок жети облустан жүрөгүмө жакыны Ош болду. Ошондуктан чыгармачылыгымды касиеттүү жерден баштадым.  Мага колдоо көрсөткөн “Энесай” студиясындагы балдардын жардамы менен, алдыда жакшы ийгиликтерди багындырабыз.

Алдыдагы  күндөрү эмнени үйрөнүүнү пландап жатасыз?

Алдыда колдон келишинче көп нерсени үйрөнгүм келет. Ар кандай музыкалык аспаптарда ойноону  үйрөнгүм келет. Анан албетте кийинки жаштарды үйрөткүм келет. Бул менин алдыга койгон максатым.

Убактыңыздын канча бөлүгү интернетте?

Чынын айтсам мен бир жылдан бери социалдык тармактарда жокмун. Анткени жакындарым менен бетме-бет сүйлөшүүгө, умтулам. Өзүм көргүм келген инсандарымы таап, жандуу баарлашууга аракет жасап жатам.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz