Ырчы Азиз Батыров шакирттери менен Түркияда эл аралык фестивалда 1-орунду ээледи

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Түркиянын Ялова шаарында өткөн эл аралык фестивалда шакирттери менен 1-орунду жеңип алды. Бул тууралу анын менеджери Умар Эсенгулов билдиргенин жергиликтүү маалымат булагы кабарлады.

Ага ылайык, Түркияда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык фестивалга 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Азиз Батыров “Ынтымак” тобунун 10 мүчөсү менен катышып, 1- орунду ээлеген.

Азиз Батыров шакирттери менен 15-июлда Түркияга учуп кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.