“Ынтымактын” кызматкери өкмөттүн сыйлыгын алды

Премьер-министр Сапар Исаков айрым теле жана радио кызматкерлеринин атамекендик журналистиканы өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ишин объективдүү жана ыкчам чагылдырууга кошкон жеке салымын эске алуу менен бир катар журналисттерди өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйлоо чечими кабыл алды.

Сыйлык тапшыруу аземи 10-январда өттү. Теле жана радио кызматкерлерине ардак грамота жана кол сааттар тапшырылды.

Өкмөттүн сыйлыгына “Ынтымак” КРТРКсынын программалык директору Акылбек Орозматов  дагы татыды.

“Өтө тездик менен өнүгүп жаткан биздин заманбап дүйнөбүздө жашоону радио жана телеберүүсүз элестетүү мүмкүн эмес. Сиздер жылына 365 күн бою дем алышсыз жана майрамдарга, түрлүү аба-ырайына карабастан бизге, катардагы угуучуларга жана көрүүчүлөргө, дүйнөдөгү жана өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча такталган жана ыкчам маалыматты алгачкылардан болуп жеткирүү үчүн кызмат кыласыздар”, – деди өкмөттүн аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев.

Ошондой эле теле жана радио журналисттердин ишинин аркасында өлкөнүн эң алыскы аймактарында жашаган жарандар өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы коомдук-саясый жана маданий жаңылыктарды ыкчам алууга мүмкүндүк алышаарын кошумчалап өттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген