“Ынтымактын” кабарчысы суракка чакыртылды

“Ынтымак” КРТРКсынын кабарчысы Мимоза Жанибек кызы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылды. Ал сотко чейинки өндүрүш боюнча күбө катары суракка алынат.

Алгач шаардык милициянын кызматкерлери кабарчыга телефон аркылуу байланышка чыгып, тергөө кызматына келүүсүн айткан. Бирок, атайын чакыруу барагы болбогондугуна байланыштуу барган эмес. Ал эми бүгүн, 5-март күнү саат 19:05те чакыруу барагы келди.

Анда жазылгандай, Мимоза Жанибек кызы эртең, 6-март күнү саат 10:00дө Ош ШИИБнын Тергөө кызматына барышы керек. Чакыруу барагын алып келген кызматкердин оозеки түшүндүрмөсүнө ылайык, кабарчы Ош мамлекеттик университетиндеги студенттердин паспорту чогултулуп, массалык түрдө Ош шаарына каттоого коюлгандыгы тууралуу материалы үчүн чакырылып жатат.

Эске салсак, буга чейин “Ынтымак” КРТРКсы университеттеги паспорт чогултуулар боюнча материал даярдаган. Анда студенттердин паспорттору чогултулуп, массалык түрдө Ош шаарына каттоого тургузуу тууралуу айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген