“Ынтымактын” эң популярдуу беш видеосу

Ынтымак Медиа Group социалдык тармактардын ар биринде өзүнүн расмий баракчаларына ээ. Анын ичинде You tube`дагы “Ынтымактын” жеке каналына 5 миңден көрүүчү жазылып, видеолордун жалпы кароосу 2 062 957 ду түзөт. Эфирден берилген бардык программалар ошол каналга жайгаштырылат да, көрүүчүлөргө виртуалдуу дүйнөдө эфирлерди күзөтүүгө шарт түзүлөт.

“Ынтымактын” продукцияларынын булагы Ынтымак Медиа Group болгону менен, кызыгуу жараткан видеолорду башка каналдардан (ютубдагы) деле табууга болот. Мисалы: “Кабарлар”, “Түштүк борбор”, “Ынтымак сапар”, “Ырыс таң”, Ынтымак лайф”, “Патрулдук милиция” ж.б.у.с.

Өткөн жылы көрүүчүлөргө кызыгуу жараткан “Ынтымактын” видеолорун тизмектейли дедик. Көпчүлүк видеолор жүктөлгөнүнө аз убакыт болгонуна карабай байкаларлык кароо алганга жетишкен. Мисалы, “Патрулдук милиция” берүүсүнүн “Кагылышкан унаалар” аттуу чыгарылышы 1 айда 22 282 ирет каралган. Ушул эле берүүнүн эң алгачкы чыгарылышы “Ынтымактын” өзүнүн каналында 19 миң жолу каралганын да айтып кетпесек болбойт.

Бул чек эмес эмес. “Ынтымактын” “Буй-буй” аттуу монтаждалган видеосу “Ондоклассники” сайтында 7 миллион кароо алган. Төмөндө дал ошондой видеолор тизмеги.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген