“Ынтымакта” “Сармерден” телефестивалы башталды

“Ынтымак” телеканалы Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда  райондор аралык “Сармерден” телефестивалын баштады. Алгачкы чыгарылышта Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунун өнөрпоздору беттешти.

Телефестивалды тартуу иштери Ош улуттук драма театрында өттү. Келгендер ыр-бий, акыйнек айтышуу өңдүү сармердендин салттуу номерлеринен сырткары элибиздин өткөн жашоосун, бай тарыхын жана маданиятын чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.

Көргөзмөдө Кара-Суу командасы 2 метрлик калпагы жана ар кайсы улуттун даамдары менен өзгөчөлөнсө, Чоң-Алай району кыргыз элинин мурда-кийинки ашканасында кездешкен, кээде унутулуп бараткан 600дөн ашык даам түрлөрү менен көпчүлүктү таң калтырды.  Чоңалайлыктар төө, топозго жүк артып, мал-жандыктарды айдап Улуу кыргыз көчүн чагылдырып драмга кирип келди. Биздин элдин 19-кылымдагы жашоосун алар баа жеткис, кылым карыткан буюм-тайымдары менен көрсөтө алды.

Маданий ишмерлерден куралган комиссия жана көрармандар сырттагы көргөзмөнү, каада-салттардын чагылдырылышын баалаган соң, концерттик бөлүк башталды. Сынакта саламдашуу, ыр, бий, акыйнек, макал-лакап,сахналык көрүнүш, хор сыяктуу шарттары бар.

Ат салышууга  эки райондун тең эл арасындагы өнөр адамдары тандалган. Сармерденди өткөрүүнүн негизги максаты да ушул. Таланттуу  инсандарды, элге таанытуу менен бирге руханий байлыгыбызды арттыруу.

Старт алган фестивалдын биринчи айлампасы ийгиликтүү башталды. Алсак, залга жык эл толуп, эки команданы тынбай сүрөп турушту. Сынактын эң акыркы шартында катышуучулар хор аткарышты. Мында командалар райондору тууралуу ырдашып, Кара-Суу менен Чоң-Алай баркталып, даңкталды.

Жыйынтыгында Кара-Суу районунун таланттары 303 упайга ээ болду.Ал эми Чоң-Алай командасы 313 упай менен алдыга чыкты. Эми кийинки беттеш апрель айында Ноокат жана Араван райондорунун арасында уюштурулат. Белглей кетсек, 7 район арасында өткөн сармерденденжеңишке жеткенине автоунаа белекке берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген