“Ынтымак” ТВнын тамашасына кантип чалынат?

Биздин команда көрүүчүлөрдү таң эрте тамашага сала баштады. Анда алдын ала даярдалган сценарий менен телекөрүүчүгө чалабыз. Бир аз тамашага салып, кийин “Ынтымак” ТВдан экенибизди айтып, телевизорун жандырууну суранабыз. Таң атпай, уйкудан туруп, теледен өзүн көргөн көрүүчүгө бул нерсе жагымдуу болуп жатканы байкалууда.

Теледен тамашага чалууга Сиз да катышыңыз. Баарын туура түшүнгөн тааныш, дос, туугандарды тамашага салыңыз. Жакшы сценарий түзүп, (одоно эмес) 0779847772, 0776133619, 0708638101 WhatsApp номурларына жөнөтүңүз. А биз сиздин багыт боюнча телекөрүүчүнү тамашага чалабыз.

Бул жолу “Жетиген” мектеп-лицейинин директору Кыялбек Акматов мырзаны тамашага чалдык. Кандай чыкканын көрүңүздөр!!!

Анан сак болуңуз, Сиз да чалынып калышыңыз ТОЛУК ыктымал!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген