«Ынтымак» ТВнын кабарчысы жеңүүчү болду

Ош шаардык мэриясы тарабынан жыл мыктыларын аныктоо боюнча ачык добуш берүүдө коомчулук “Ынтымак” КРТРКсынын кабарчысы Мимоза Жаныбек кызын “2019-жылдын мыкты жаш журналисти” деп тапты. Аныкталган жыл мыктыларын сыйлоо аземи 27-декабрда, Ош шаарында өтүп, мэр Таалайбек Сарыбашев жеңүүчүлөргө белектерди тапшырды.

Быйыл жергиликтүү бийлик “Жылдын мыкты жаш журналистинен” сырткары, “Жылдын мыкты жаш жетекчиси”, “Жылдын мыкты жаш акыны”, “Жылдын мыкты студенти”, “Жылдын мыкты спортчу мырзасы” сыяктуу 10 номинация боюнча жылдын мыктыларын аныктады.

Кошумчалай кетсек, “Мыкты жаш журналист” аталган Мимоза Жаныбек кызы, “Ынтымак” КРТРКсында бир жылдан бери иштеп, өзүн ийгиликтүү кабарчы катары көрсөтө алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.