“Ынтымак” ТВнын эфирге чыкканына 7 жыл болду

“Ынтымак” ТВ – аналогдук жана санариптик сигнал таратуу тармагы аркылуу 2012-жылдын 20-декабрында эфирге чыккан. Алгачкы толкуну Ош шаарында гана болсо, кийин (ушул кезге чейин) Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган.

Телеканал катары иштей баштаганда, эң алгач маалыматтык жана жеткинчектерге арналган таанып билүүчү теле берүүлөрдү эфирге бере баштаган. 7 жыл аралыгында 100гө жакын түрдүү аталыштагы теле программаларды даярдап, көрүүчүлөргө сунуштады.

“Ынтымак” – сапаттуу контент даярдоо менен бирге эле, Кыргызстанда универсалдуу, кесипкөй журналисттерди да даярдап чыкты. Алар Улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө аз да болсо салым коштук деген ишенимде.

Телекомпания көптөгөн көйгөйлүү маселелерди коомчулукка алып чыгып, анын чечилишине түздөн-түз себепкер да болду. Атайын иш-чараларды уюштуруп, миңдеген күйөрмандарды топтоду.

Биздин медиакомпаниянын өзгөчөлүгү – конвергенттүү редакция принцибинде иш алып барат, башкача айтканда, бир эле журналист ТВ, радио, сайт жана гезит үчүн материал даярдайт.

Айтмакчы, Ош облусундагы 3, райондордогу 7 мамлекеттик гезит “Ынтымак” КРТРКсынын базасына кошулду. Мындан ары биз гезиттер аркылуу да маалымат тарабыз.

Быйыл, 2019-жылы, биздин компаниянын кызматкерлери 130 миң минутадан ашык өздүк контент даярдап, көрүүчү, угармандарга сунуштады.

“Ынтымак” КРТРКсы кызматташып келген бардык өнөктөштөргө, мурда иштеп кеткен кесиптештерге ыраазычылык билдирет!!! Ошондой эле, албетте теле көрүүчүлөрүбүзгө өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!!!

Урматтуу көрүүчүлөр, биз сиздер менен сыймыктанабыз!!! “Ынтымак ТВ” дайыма сиздер менен!!!

Биз жөнүндө

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.